«Нооруз» майрамы кут болсун!
Келди Нооруз, келди мына жаз майрам,
Береке жаап, кут төгүлүп асмандан.
Кыргызымдын кыйыры узун, тарыхы,
Сүмөлүктүн бал даамынан башталган.
Нооруз келди, тынчтык менен ыр менен,
Жетелешип жазгы жумшак жел менен.
Ырыскыны алып келип элиме,
Кут төгүлүп, агып турат жергеме.
Шаарчабызда «Нооруз» майрамына карата ар улуттун тамактарын жасоо боюнча ярмарка өткөрүлдү. Биздин мектеп орус элинин улуттук тамак-аштарын даярдашып, майрамдык иш-чарада өз активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Төмөнкү шилтемелерди басып, видеолорду көрө аласыздар.
Комментарии