Шаардык иш чара
20-кылымдын башындагы залкар илимпоз-агартуучу, коомдук ишмер И.Арабаевдин 140 жылдыгы жана кыргыз драматургиясынын чолпон жылдызы, драматург-жазуучу Т.Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата шаардык иш чара өткөрүлүп, иш чарага Таш-Көмүр ШББнүн жетектөөчү адиси Б.Мамытова жана №8,10-орто мектебинин уюштуруучулары С.Акназарова, Д.Балбаевалар келип катышышты.
Сабак берген мугалимдер:
Ирсалиева А. «И.Арабаев-улуттун сыймыгы» аттуу тарбиялык саат, Рыскулова А. «Абийир кечирбейт»Т.Абдымомуновдун чыгармасы боюнча ачык сабак, Мырзаева Х. «Биздин адабият,биздин маданият» ролдоштурулган адабий-көркөм музыкалык сабактарды өтүп беришти.
Балдар сахна өнөрүнө суусап турган өспүрүмдөргө өздөрүнүн жандуу образдарын тартулоо менен, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкоо-мактоолорго ээ болушуп, кубанычтуу кайтышты.
Комментарии