ОКУУЧУЛАРДЫН МЕКТЕПКЕ КИЙҮҮ ФОРМАСЫ БОЮНЧА ЭРЕЖЕЛЕР
Мектептик билим берүү тутумунун негизги звеносу саналат жана 3 баскычты камтыйт:
-жалпы башталгыч-1-4-класстарды;
-жалпы негизги -5-9-класстарды;
-орто жалпы-10-11-класстарды;
Окуучулардын сырткы көрүнүшүнө негизги талаптар:
- Тазалык, тыкандык.
- Баардыгы үчүн кийимдин коомдо кабыл алынган ишкердик стилдин нормаларына туура келиши керек жана туура эмес деталдарды камтыбашы зарыл.
- Кыздардын узун чачтары өрүлгөн, ал эми орто узундуктагы чачтары чач байлагыч менен жыйналган болуу керек.
- Балдар жана өспүрүмдөр убагында чачтарын тегиздетип туруулары керек (классикалык чач тегиздөө).
Мектептик форманын толук сыпатталышы
Балдар жана өспүрүмдөр үчүн: кара, кара-көк, күрөң түстөгү костюм жана классикалык үлгүдөгү щым, ак жана көгүш түстөгү көйнөк;
Кыздар үчүн: кара, кара-көк, күрөң түстөгү юбка, тизеден өйдө болбогон классикалык үлгүдөгү юбка, бир түстүү ак блузка.
Спорттук форма: окуучулар дене тарбия сабагы үчүн спорттук форманы жана спорттук бут кийимди кийүүлөрү керек.
Окуу учурунда төмөнкү кийимдердин жана бут кийимдердин варианттарын кийүүгө тыюу салынат:
- Терең көңүлдү бурудура турган көзгө комсоо адаттан тышкары бөлүктөр, жылтырак жиптер, ошондой эле өтө ачык өңдөр кийимде жана бут кийимде болбош керек;
- Ар кандай өңдөгү джинсы;
- Өтө денеге чапталган , фигураны көрсөткөн юбка, шым жана лосиналар;
- Далыны жана курсакты көрсөткөн өтө кыска блузкалар;
- Мини- юбкалар (тизеден 10см өйдө узундуктагы).
- Декольтеси ачык блузкалар;
- Өтө жука юбка менен блузкалар, ошондой эле жука курактары бар кийимдер;
- Ич кийим жана джинсы стилиндеги кийимдер;
- Ар кандай пулеверлер жана токулган кофталар;
- Спорттук кийим (спорттук костюм жана анын бөлүктөрү), спорттук бут кийим;
- Активдүү эс алуу үчун киймдер (кыска шым, майка, футболка ж.у.с.)
Тыюу салынат:адаттан тышкары чач тегиздетүүлөр, чачтарды ачык, табигый эмес өңдөргө боё
Ачык макияжга тыюу салынат: кирпиктерди,көздөрдү, эринди боёгон жана ачык маникюр.
Кийимдин бөлүгү катары оор брошкаларды, чынжырларды, шакек, кулон, сөйкө, шарф, жамынма, палантиндерди колдонууга.
Пирсинг, ошондой эле коомго туура келбеген формалдуу эмес жаштардын бирикмелеринин символикаларынын аксессуарларына.