«Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» кароо сынагынын областтык туру
Жалал-Абад областында өткөрүлгөн «Мен Кыргызстандык экениме сыймыктанам» аттуу балдардын кароо сынагында N2 К. Осмонкулов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинен 7-11 жаш курак боюнча Абдумиталов Азамат 2-орунду ээлеп, 2-даражадагы диплом менен сыйланса улуттук аспапта ойноо өнөрү боюнча 7-11 жаш курак Мукамова Айчүрөк, бий өнөрү 12-14жаш курак боюнча Тегеналиева Элиналар областтык балдар чыгармачылык үйүнүн ардак грамоталары менен сыйланышты. Талантыңар ташкындай берсин. Көкөлөп уча бергиле! Өмүрлүү болгула.
Комментарии