«Окуйбуз, изденебиз, жаратабыз» сынагы
Таш-Көмүр шаарында өткөрүлгөн «Окуйбуз, изденебиз, жаратабыз» аттуу сынакта 3-4-класстар арасында N2- К. Осмонкулов атындагы ЖББОМнын 3-в классынын окуучулары Замирбекова Сумая, Замирбекова Элеонора, Уразалиева Айназданалар «Баланы бешикке салуунун пайдасын изилдөө» долбоорун жакташып, байгелүү 1- орунду ээлешти. Класс жетекчиси Жолдошова Гүлшайыр эжекеси жана окуучулары Таш-Көмүр ШБББ нын ардак грамоталары менен сыйланышты. Изденүүдөн ийгилик жараткан жаш изилдөөчүлөрүбүзгө ийгилик, ден соолук каалайбыз.
Комментарии